Атамбаев жер көчкүдөн жабыркаган кыр-жолдуктарга 11 400 000 сом карады

Жазылуу
Президент Сузактын Кыр-Жолундагы жабыр тарткан үй-бүлөлөргө бөлгөн каражат Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу берилет.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик фондунан Сузак районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Кыр-Жол айылынын сегиз бүлөсүнө үй салууга 11 400 000 сом бөлдү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев Кыр-Жол аймагындагы сегиз үй-бүлөнү тез арада көчүрүүгө тапшырма берди
Каражат жабыр тарткан үй-бүлөлөргө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу берилет.

23-майдан 24-майга караган түнү саат экилерде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айылында жер көчкү түшүп, беш үйдү басып, алты адам көчкүнүн астында калган.

Алгач Атамбаевдин буйругу менен Сузак районунда жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0