Кадыралиева: Трансплантология институту 11 жылдан бери тогуз операция жасаган

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүДарыланууга жаткан аял. Архив
Дарыланууга жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети гемодиализ боюнча жардам көрсөтүү маселесин текшерген жумушчу топтун иш жыйынтыгын кароону күзгө калтырды.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Трансплантология боюнча илимий изилдөө институту иштегенине 11 жыл толгону менен, ошол аралыкта болгону тогуз гана операция жасалган. Бул туурасында депутат Ыргал Кадыралиева 23-июнда парламентте комитет жыйынында айтты.

Депутат аталган борбор өз багыты боюнча иш алып барбаса, илимий иштерди жүргүзбөсө, аны каржылап, кармап туруу керекпи деген суроо койду.

"Ошол жамаатта илимдин эки доктору бар экен. Эгер алар эч кандай ачылыш жасабай олтура берсе, аларды кармап олтуруунун канчалык зарылчылыгы бар? Мамлекет аларга жетиштүү көңүл бурушу керек эле. Ал эми жамаат өкүлдөрү ушул 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке маселе коюп, кызыгып, кайрылган жок", — деди депутат Кадыралиева.

Депутат өлкөдө органдарды алмаштыруучу илимий изилдөө мекемеси бул жаатта алсыз болгондуктан, кыргызстандык оорулуулар асмандаган акчаны үйүн сатып болсо да топтоп чет өлкөгө барып жаткандыгын айтты. 

"Чет мамлекеттерден арга болобу деген сыркоолор ысыктын аптабына карабай, дартка чалдыккан органдарын алмаштыруу максатында Пакистанга барып жатышат. Түркияга барабыз деп кезек күткөндөр жашап турган тамынан өйдө сатып, аргасын таппай жүргөндө жергиликтүү шартта эмнеге жардам бере албайбыз?", — деди Кадыралиева.

Социалдык саясат боюнча комитеттин гемодиализ багытында жардам көрсөтүү маселесин текшерген жумушчу топтун иш жыйынтыгын кароо сентябрь айындагы комитеттин биринчи олтурумуна калтырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0