Үркүнгө арналган сынактын мөөнөтү узартылды

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүМакет жасоо. Архив
Макет жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордо башкы пландын схемасы, комплекстин макети, кошумча графикалык материалдар, композициянын айрым үзүндүлөрү камтылышы керек.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 1916-жылкы Үркүнгө арналган мемориал жасоо үчүн жарыяланган сынактын мөөнөтүн 2015-жылдын 1-августуна чейин узарта турганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорго КРдин ахитекторлор, сүрөтчүлөр союзу, ошондой эле өз алдынча иштеген скульпторлор, сүрөтчүлөр катыша алат.

"Сунушталган иштерди комиссия тандайт. Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү кирет", — дейт Искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Тамара Обозова.

Анын айтымында, долбоордо башкы пландын схемасы, комплекстин макети, кошумча графикалык материалдар, композициянын айрым үзүндүлөрү камтылышы керек.

Сынак мөөнөтү узартылганына байланыштуу иштер Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 1-августка чейин кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0