Кыргызстандын тоолорунда каза болгон испаниялыктардын аты-жөнү такталды

© flickr.com / psaylaАльпинист жабдыктары менен. Архив
Альпинист жабдыктары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Тоо чокусундагы Ак-Сай музуна Испаниядан келген альпинисттик топ чыгып баратканда кар көчүп, анын кесепетинен 3 адам каза болгон.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Кыргызстандын тоолорунда каза болгон испандыктардын аттары такталып, сөөгү Бишкектеги өлүкканага алынып келгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июнда Ак-Тоо чокусундагы Ак-Сай музуна Испаниядан келген альпинисттик топ чыгып баратканда кар көчүп, анын кесепетинен 3 адам каза болгон.

Испаниялык туристтердин өлүмүнүн себептери такталды
Ошол эле күнү түшкү саат үчтөр чамасында КР Альпинизм федерациясынын кайрылуусу боюнча "Тянь-Шань Тревел" фирмасы алардын сөөгүн издөөгө чыккан. Маркумдардын сөөгү КР чек ара кызматынын тик учагы менен Бишкек шаарындагы аза кызматын көрсөткөн "Рамадан" компаниясына 22-июнда түшкү саат 1:28де жеткирилген. 

Каза болгондордун арасында Алехандро Васедо Чафер, Валенсия шаарынын тургуну, туулган жылы белгисиз. Родригес Виллар (аял киши), 1996-жылы туулган, Тороган шаарынын тургуну. Джозеф Катрино Кабалерия, 1991-жылы туулган, Джерон шаарынын тургуну.

Кырсык боюнча Казакстандагы Испаниянын консулдугуна маалымат берилген. 

Жогорудагы кырсык боюнча КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эч ким жардам сурап кайрылбаганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0