Футбол оюнуна кире албай калган күйөрмандардын акчасы 25-июнга чейин кайтарылат

Жазылуу
Мында билет нукура, бүтүн болушу керек. Акча билеттин номиналдык баасын эске алуу менен төлөнөт, башкача айтканда, билетте көрсөтүлгөн баа гана кайтарылат.

БИШКЕК, 23–июнь — Sputnik. Кыргызстан-Австралия беттешүүсүнө кире албай калган күйөрмандардын акчасы 25-июнга чейин кайтарыла турганын КР Футбол федерациясы билдирди.

Cтадиондо коопсуздукту күчөтүү планын иштеп чыгууга Сариев беш күн берди
Буга чейин Бишкек ШИИБ шейшемби күнү футбол оюну өткөн стадионду кайтарган милиция кызматкерлери эшиктерди жабуу тууралуу буйрукту жетекчиликтен алганын билдирген. Натыйжада алдын ала билет сатып алган миңдеген адам оюнга кире албай калган. Футбол федерациясы андай буйрук бербегенин айтса, Дене тарбия жана спорт агенттиги стадион 15-июндан тарта федерациянын карамагына өткөнүн маалымдаган.

Футбол федерациясы оюнга кире албай калгандардын акчасы 25-июнга чейин федерация кеңсесинин биринчи кабатында кайтарыла турганын билдирет.

Мында билет нукура, бүтүн болушу керек. Акча билеттин номиналдык баасын эске алуу менен төлөнөт, б.а., билетте көрсөтүлгөн баа кайтарылат. Мисалы, эгер билетте 300 сом деп жазылып турса, кардар ашык төлөп сатып алган акча эмес, дал ушул 300 сом төлөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0