Туроператор: эң зыкым туристтер француздар болушат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПариждин жашоочусу. Архив
Париждин жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттин инфраструктурасынын жакшырышы жана саясий туруктуулук туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттырды дейт туроператорлор.

БИШКЕК, 20-июнь — Sputnik. Быйыл эс алуучулар ашкере үнөмчүл болуп кетишкенин Sputnik агенттигине Кыргызстандагы туристтик компанияларынын биринин директорунун орун басары Сергей Воронин айтып берди.

Анын билдирүүсүндө эң эле зыкым туристтер болуп француздар, экинчи орунда испандар турат. Колу ачык, берешен деп эсептелген россиялыктар да учурда ар бир тыйындын эсебин чыгарып калышты. 

"Бул жылы туристтер өтө эле үнөмчүл экенин байкоого болот. Керек болсо, ЦУМда да соодалашууга барып жатышат", — дейт Воронин.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанга кызыккан россиялык туристтер көбөйүүдө. Туроператорлор бул көрүнүштү валюта девальвациясынан улам көнүмүшкө айланган Түркия жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө эс алуу кымбаттап кеткенине байланыштырышат. 

"Быйыл өткөн жылкыга караганда Россиядан келген эс алуучулардын саны 15 пайызга көбөйдү", — дейт Воронин.

Кыргызстан өлкөнү көрүп-билбеген чет элдиктердин көзү менен
Туризм багытында жылыштар бар экенин КР Улуттук статистикалык комитети да белгилейт. Мекеменин маалыматы боюнча, туризм жаатында чекене айлантуу 16 пайызга жогорулаган. Ошону менен бирге чет элдик туристтерден түшкөн киреше 0,5 пайызга өскөн.

Дагы бир туристтик агенттиктин башкы директору Замира Койчиеванын айтымында, бул Кыргызстан менен 45 мамлекеттин ортосундагы виза режимин алып салууга да байланыштуу. Бул жаңы туристтердин келишин шарттады. Кыргызстанга мурда келип эс алып жүргөндөр да кайра келүүдө.

"Кыргызстанга бир келип кеткен адам дагы кайра да келгиси келет. Учурда жолдомолор жакшы сатылып жатат", — дейт директор.

Койчиева мамлекеттин инфраструктурасынын жакшырышы жана саясий туруктуулук туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттырганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0