Премьер Сариев Аскер институтунун мыкты бүтүрүүчүлөрүнө кызыл дипломдорду тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев Кыргызcтандын Куралдуу күчтөрүнүн башчылары жана бүтүрүүчүлөрү менен.
Премьер-министр Темир Сариев Кыргызcтандын Куралдуу күчтөрүнүн башчылары жана бүтүрүүчүлөрү менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы курсанттарды кутуктап жатып, алардын өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, кыргыз армиясынын мыкты салттарын сактоого салым кошооруна ишене тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 21-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Кыргызcтандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда курсанттардын бүтүрүү салтанатына катышты.

Өкмөт башчысы Советтер Союзунун генерал-лейтенанты Калыйнур Үсөнбековдун наамындагы лицейди артыкчылык менен бүтүргөн курсанттарга жогорку аскер билимине ээ болгондугу тууралуу кызыл дипломдорун тапшырып, аларга ийгилик каалады.

"Сиздер мындан ары карай алдыга коюлган милдеттерди так аткарып, өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, ошондой эле кыргыз армиясынын мыкты салттарын сактоо жана улантууга олуттуу салым кошосуздар деп ишенем", — деп белгиледи Сариев.

Институт өлкөнүн жалпы күч түзүмдөрү үчүн кадрдык офицерлерди дайындайт. 2015-жылдын июнь айында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтуна жетекчи болуп генерал-майор Рыскелди Мусаев дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0