Бүтүрүү кечеси учурунда коопсуздукту сактоого 500 милиционер тартылат

© пресс-служба ГУВД БишкекаМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелеринде майрам өткөрүүгө тыюу салган буйрук чыгарды.

БИШКЕК, 20-июнь — Sputnik. Бүтүрүү кечесинде коопсуздукту сактоо үчүн 500 милиция кызматкерлери иштейт деп билдиришти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан. 

11-класстар үчүн бүтүрүү кечеси 22-июнда, ал эми 9-класстын окуучулары үчүн – 20-июнда өтөт. 

Мектептерде бүтүрүү кечеси 22-июнда болот
Бишкек шаарынын 96 мектебинде милиция кызматкерлери иш алып барат. Бишкек ШИИБдин Жол кайгуул кызматынын башкармалыгы жол кыймылын көзөмөлдөп, жол кырсыктарынын алдын алмакчы. 

Милиция мектептердин администрацияларына жана мугалимдерине күтүүсүз кырдаал пайда болсо, тез арада көрүлө турган чаралар туурасында маалымат берди. ШИИБ бүтүрүүчүлөргө да түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелеринде майрам өткөрүүгө тыюу салган буйрук чыгарды. 

Республика боюнча 2015-жылы 11-классты 67 миң, ал эми 9-классты 95 миң окуучу аяктап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0