Бакыт үйү менен жаңы телефон аркылуу байланышууга болот

Жазылуу
Ремонт иштеринен улам Бакыт үйү убактылуу "Дасмия" этно-комлексине көчүрүлгөн.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Бакыт үйүнүн кызматкерлери менен эми жаңы телефон аркылуу байланышууга боло турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Борбордук ЗАГС имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбордук ЗАГС убактылуу этно-комплекске көчүрүлдү
Борбордук ЗАГС 8-июнь күнү капиталдык ремонтко жабылган. Оңдоп-түзөө иштери 28 жылдан бери биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин нике каттоо "Дасмия" этно-комплексинде жүргүзүлөрү кабарланган. 

Маалыматка ылайык, учурда жарандар үчүн атайы телефон зымдары өткөрүлдү. Эми нике каттоо жана арыз тапшыруу маселелери боюнча жашоочулар 0312-530-499 телефону аркылуу байланыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0