06:25 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6796
  • EUR103.3811
  • RUB1.1525
Коом
Кыскача шилтеме алуу
16110

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимовдун айтымында, Алымбек датканын юбилейинин алкагында бардык райондор менен облустарда бир топ иш-чаралар өткөрүлөт.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Өкмөттө Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдыгын майрамдоо боюнча уюштуруу маселелери талкууланды.

Майрамдык иш-чаралардын планы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан даярдалган.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимовдун айтымында, бул майрамдын алкагында бардык райондор менен облустарда бир топ иш-чаралар өткөрүлөт.

"Планга республиканын бардык райондорунда жана облустарында өткөрүлчү иш-чаралар киргизилген. Ага ат оюндары, илимий-практикалык жыйындар, музей көргөзмөлөрү, театралдык спектаклдер кирет", — деди Секимов. 

Буга чейин Ош облусунда өткөрүлгөн көчмө жыйындын жүрүшүндө негизги иш-чараларды Алай районунда жана Ош шаарында өткөрүү чечими кабыл алынган.

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүн орнотууга кошкон салымын коомчулукка жеткирүү зарылдыгын айтты.

"Алымбек датка Асан бий уулу — белгилүү тарыхый инсан. Учурда ал тууралуу көптөгөн маалыматтар жоголуп кеткен, бардык архивдик материалдарды топтоп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн орнотууга кошкон салымын коомчулукка жеткирүү маанилүү", — деди вице-премьер-министр.

Маматалиев бул тарыхый инсан кыргыз уруулары ортосундагы ынтымакты чыңдоого көптөгөн салым кошкондугун белгилеп, анын жашоосу тууралуу видеороликтерди даярдоо жана анын өмүр баянын чагылдырган китеп басып чыгуу зарылдыгын айтты.

Тема боюнча

Быйыл Алымбек Датканын 215 жылдык мааракеси белгиленет
Белгилер:
датка, Бактыбек Секимов, Алымбек Датка, Алай району, Ош облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ