Парламент жума күнү да пленардык жыйын өткөрөт

Жазылуу
ЖКнын IV чакырылыштагы депутаттары июль айынан сентябрга чейин эс алууга чыгат.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Эртең Жогорку Кеңеш кезексиз пленардык жыйынга чогулуп, кадимки тартипте иштейт.

Бул туурасында спикер бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө депутат Марат Султанов өзү алып чыга турган мыйзам долбоорунун күн тартибине кирбей калганына нааразычылыгын айтканда билдирди.

"Биз эртең да иштейбиз, андыктан сиздин мыйзам долбооруңуз күн тартибинде биринчи болуп каралат", — деди спикер Жээнбеков.

ЖКнын V чакырылыштагы депутаттары июль айынан  сентябрга чейин эс алууга чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0