Мектептерде бүтүрүү кечеси 22-июнда болот

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМектепте бүтүрүү кечеси. Архив
Мектепте бүтүрүү кечеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын коопсуздугу үчүн республиканын бардык мектептеринде бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салганын эскертет.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Мектептерде бүтүрүү кечеси 22-июнга белгиленгенин Sputnik агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Бактылуу окуучулук күндөр… Белгилүү адамдардын мектеп жылдарындагы сүрөттөрү
Бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо жалпы республика боюнча 29-майда болуп өткөн.

Маалыматка ылайык, аттестат тапшыруу аземи 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 22-июнга, ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 20-июнга белгиленген.

Маалымат кызматы окуучулардын коопсуздугу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги республика боюнча мектептерде бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салганын эскертет.

Өлкө боюнча быйыл 11-классты 67 миң, ал эми 9-классты 95 миң окуучу аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0