Коррупция көйгөйү Коргоо кеңешинин жыйынында каралат

Жазылуу
Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөштү мындан ары да күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин баса белгиледи.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун негизги аспектилери боюнча маалымат бергенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент коррупция энергетика тармагынын кендирин кесип жаткандыгын айтты
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча Коргоо кеңешинин чечимдеринин аткарылышы талкууланды.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөштү мындан ары да күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин баса белгилеп, Коргоо кеңешинин катчысын бул маселелерди кезектеги жыйында кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна алып чыгууга милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0