КРдин Футбол боюнча федерациясы: матчтын билеттеринин акчалары кайтарылат

© Диля МуминоваКыргызстан Австралия оюнуна билеттер.
Кыргызстан Австралия оюнуна билеттер. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрүүчүлөрдү стадионго күч түзүмдөрү киргизген, бирок федерация көпчүлүк күйөрмандар кире албай калганына капа жана алардан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Футбол көрүүгө кире албай калган күйөрмандар сатып алган билеттерин кайтарып, акчаларын ала алышат деп КРдин Футбол боюнча федерациясынын маркетинг жана пиар департаментинин жетекчиси Анна Осмоналиева билдирди. 

Ал азырынча федерациянын имаратынын жанында эч кандай ызы-чуу жок экендигин белгиледи. 

"Бир нече адам келип, акчаларын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сурашты. Биз аларга саат 14.00 кийин атайын бөлүнгөн кабинетте акчалар кайтарыла турганын айттык", — деди Осмоналиева.

Анын сөзүнө караганда, көрүүчүлөрдү стадионго күч түзүмдөрү киргизген, бирок көпчүлүк күйөрмандар кире албай калганына федерация капа болду жана кечирим сурайт. 

"Стадиондогу уюштуруу иштери боюнча көрүүчүлөр нааразы болгон жок, ал тургай, австралиялыктар матч жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти", — дейт менеджер.

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюн 2018-жылы боло турчу дүйнө чемпионатына тандоо турларынын алкагында болду.

Футболдун начар уюштурулгандыгына нааразы болгон күйөрмандар сотко берүү ниетинде
Кыргызстандын курама командасы австралиялыктарга 1:2 эсебинде утулуп калды.

Эки оюндун жыйынтыгында Кыргызстан үч упай топтоду. Эми КР курамасы Тажикстан жана Иорданиянын командалары менен ойнойт.

2018-жылы Россияда өтө турчу дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Азиянын тандоо турнирлери июнь айында башталган. 

Кыргызстандын курама командасы В тобуна кирген. Анда кыргызстандыктарга каршы Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курама командалары ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0