Муфтий: орозо 18-июнда башталат

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы мусулмандар 18-июндан тарта орозо тутуп баштайт.

БИШКЕК, 17-июнь – Sputnik. Кыргызстанда орозо эртең, 18-июнда башталат. Бул туурасында Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев билдирди.

Муфтий Шаабан айынын 29-түнүндө ай чыкпаса ал 30 күн менен бүтөрүн айтты. 

"Орозо 18-июнда башталып, божол менен 16-июлда аяктайт. Бул күндөр Сауд Аравиясынын алынган маалыматтар менен да тастыкталды", — деди муфтий Токтомушев.

Буга чейин Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан орозонун башталыш күнүн  Аалымдар кеңеши менен биргеликте муфтият айдын чыгышына карап белгилерин айтышкан.

2015-жылдын орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу убакыттарын (ифтар) Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0