Темир Сариев Грузиянын премьер-министрине көңүл айтты

© Sputnik / Георгий Базаев / Медиабанкка өтүүШаардыктар жаратылыш кырсыгынан каза болгондорго гүл коюп атышат, Тбилиси. Архив
Шаардыктар жаратылыш кырсыгынан каза болгондорго гүл коюп атышат, Тбилиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын өкмөт башчысы Грузияда болгон жаратылышы кырсыгынан каза болгондорго жана жакындарына көңүл айтты.

БИШКЕК, 17-июнь – Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвилиге Тблиси шаарындагы адам өмүрүн алган селге байланыштуу көңүл айтты.

Атамбаев Грузиянын президентине көңүл айтты
Көңүл айтуу телеграммасында Темир Сариев өкмөттүн жана өзүнүн атынан табигый кырсыктан каза болгондун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандарга тезинен сакайып кетишин каалады.

Грузиянын борбору Тбилисиде ишембиден жекшембиге караган түнү, 14-июнда нөшөрлөгөн жаан мөндүр менен коштолуп, суу ташкыны адам өмүрүн кыйды. Кырсыктын кесепетинен шаардагы зоопарк жабыркап, андагы 600дөн ашуун жаныбардын теңи кырылды. Акыркы маалыматтарда селденк аза болгондордун саны жыйырмага жеткендиги айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0