Ысык-Көл: кар алдында калган малчыларга жардам берилүүдө

Жазылуу
Жайлоого кеткен жолду тазалоо үстүндө иштеп жаткан техникага 5 тоннадай күйүүчү май жана жолдун боорлорун бекемдөө үчүн миң метрдей габион тору керек.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Ысык-Көлдүн чыгышында жааган кардан улам, жайлоодо калган малчыларга жардам берүү улантылып жатканын Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

11-12-июнда Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы Кайыңды жайлоосуна бийиктиги жарым метрге жеткен кар жаап, жүздөгөн мал кырылган болчу

Байсеитовдун айтымында, учурда жайлоого кеткен жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.

"Учурда Ат-Жайлоо деген жердеги гана малчылар жайлаган жерге жол ачыла элек. Кайыңдынын ичиндеги жолдор ачылды. Кар түшкөндөн кийин эки күн жамгыр жаады. Андыктан тоо тектери көчүп, жолду улам бүтөп калууда", — деди ал.

Ак-Суу районунун акими табияттын кырсыгынан жабыркаган малчыларга керектүү чөп, тамак-аштар жеткирилгенин кошумчалады. Ошондой эле жолду тазалоо үчүн иштеп жаткан техникага 5 тоннадай күйүүчү май жана жолдун боорлорун бекемдөө үчүн миң метрдей габион тору керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0