Кыргызстан-Австралия оюнун эки телеканал түз алып көрсөтөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүФутбол. Архив
Футбол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпионатына карата тандоо турунун алкагындагы матч шейшемби күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда кечки саат 8де өтөт.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Кыргызстан-Австралия оюнун бир жергиликтүү жана бир чет элдик телеканал түз алып көрсөтө турганын Sputnik агенттигине Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти.

Дүйнө чемпионатына карата тандоо турунун алкагындагы матч шейшемби күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда кечки саат 8де өтөт.

Оюнду КТРК жана эл аралык Fox+ каналдары түз алып көрсөтөт.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында 2018-жылы Россияда өтө турган дүйнө чемпинатына карата экинчи тандоо туру башталды.

КР курама командасы В тайпасына кирди. Кыргызстандыктар Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш командалары менен ат салышат. Чемпионаттын финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0