Атамбаев Грузиянын президентине көңүл айтты

© AFP / IRAKLI GEDENIDZEГрузиянын борбору Тбилисиде ишембиден жекшембиге караган түнү нөшөрлөгөн жаан мөндүр менен коштолуп, суу ташкыны адам өмүрүн кыйды.
Грузиянын борбору Тбилисиде ишембиден жекшембиге караган түнү нөшөрлөгөн жаан мөндүр менен коштолуп, суу ташкыны адам өмүрүн кыйды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Атамбаев Грузиянын жетекчисине жаратылыш кырсыгынан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын мамлекет башчысы Гиорги Маргвелашвилиге Тбилисиде селден каза тапкандарга байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирет. 

"Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакын туугандарына көңүл айтам жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм", — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында. 

Грузиянын борбору Тбилисиде ишембиден жекшембиге караган түнү нөшөрлөгөн жаан мөндүр менен коштолуп, суу ташкыны адам өмүрүн кыйды. Кырсыктын кесепетинен шаардагы зоопарк жабыркап, андагы 600дөн ашуун жаныбардын теңи кырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0