Бороондуу шамал тууралуу билдирүү машыгуу эмес болчу

Жазылуу
Соцтүйүндөрдө Бишкекте боло турган катуу шамал тууралуу ӨКМге таянуу менен берилген эскертүү жөн гана машыгуу болгон деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 13-июнь — Sputnik. Жума күнү кечинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катуу шамал тууралуу эскертүүсү Кыргызгидрометтин маалыматынын негизинде жасалганын мекеменин маалымат кызматы белдирет.

Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской республики - Sputnik Кыргызстан
Сваров: Жумгал менен Кара-Балтада шамал болду, өлкөнүн түштүгүндө абал тынч
Буга чейин соцтүйүндөрдө Бишкекте боло турган катуу шамал тууралуу ӨКМге таянуу менен берилген эскертүү жөн гана машыгуу болгон деген маалымат тараган.

Министрлик өз кезегинде эскертүү "Кыргызгидромет" метереологиялык кызматы берген маалыматтын негизинде жасалганын баса белгилейт.

Бишкек шаарын жана Чүй облусун көздөй келе жаткан катуу шамал тууралуу билдирүүнү ӨКМ жума күнү болжол менен кечки саат тогузда тараткан. Борбор калаа шамалга эки сааттан кийин туш болору айтылган. 

Бирок, катуу шамал борбор калаада эмес, Жумгал районунун Чаек айлында, Кара-Балтада катталган. 

"Күн күркүрөп, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24 метрге чейин жетти. Шамал жарым саатка созулду", — деп айтылат билдирүүдө.

8-июнь күнү Бишкек жана Чүй облусунда кечки саат сегизде катуу шамал башталып, кырсыктан эки адам каза болду. Натыйжада бактар кулап, жарнама такталары кыйраган, чатырлар учуп, электр өткөргүчтөр жабыркады. ӨКМнын маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 22-24 метрге чейин жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0