Медресенин окуучулары кошумча кесиптерге ээ болушту

© Sputnik / Михаил РогожинТигүүчүнун кол материалдары. Архив
Тигүүчүнун кол материалдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул долбоор медресе жаштарынын диний билимге ээ болуп чыккандан кийинки жашоо турмушун өз алдынча алып кетүүсүнө өбөлгө болуп, жумушсуздуктун санын азайтууга шарт түзмөкчү.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Чүй облусундагы беш медресенин 78 окуучусу кесиптик билим алышты. Бул тууралуу "АВЕП" коомдук фонду билдирди.

"Медресе-айыл жергесинде кесиптик окутуу" долбоору медресе жаштарынын диний билимге ээ болуп чыккандан кийинки жашоо турмушун өз алдынча алып кетүүсүнө өбөлгө болуп, жумушсуздуктун санын азайтууга шарт түзмөкчү. 

"Медресе жаштарынын диний экстремизмге, терроризмге азгырылып кетпөөсү үчүн ушундай курстар уюштурулууда", — дейт коомдук фонддун өкүлү Нарынбек Кыдыргычов.

Аталган курстун алкагында медресе окуучулары ширетүүчү, тигүүчү, ашпозчү кесиптеринин ээси болуп, сертификаттарын алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0