Ысык суу Бишкекке үч күндүн ичинде берилет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСууга жуунуу. Архив
Сууга жуунуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы шаардыктардан үйлөрдөгү ысык суу чорголору жакшы бекитилгенин текшерип коюну өтүнөт.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын өкүлү шаардыктарынын үйүнө ысык суу бере баштаганын Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Крандан чыккан суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 12-июндан тарта ысык суу берилет
Май айында Бишкекте 1 818 көп кабаттуу үйгө жылына жасалуучу оңдоо-түздөө иштеринен улам ысык суу токтотулган. 

Мындан тышкары, 69 медициналык мекеме, 73 бала бакча жана 53 орто мектеп ысык суусуз калган. 

"Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы 12 медициналык мекемеге, 58 буу казандарына, 13 бала бакчага жана 36 мектепке ысык суу берүүнү токтоткон. Ишкананын балансында ысык суусуз отурган 563 мектеп бар.

"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы шаардыктардан үйлөрүндөгү ысык суу чыккан чорголор жакшы бекитилгенин текшерип коюну өтүнөт.

"Мындан тышкары, тиричилик суу жылыткычтарынын туура өчүрүлгөнүнө көңүл буруу зарыл", — деп айтылат билдирүүдө. 

Компаниянын маалымат кызматы ысык суу менен бишкектиктер үч күндүн ичинде толук камсыз болорун кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0