Ош облусунда ажы башчылыгына талапкерлерди каттоо жүрүп жатат

© flickr.com / Al Jazeera EnglishМусулмандар. Архив
Мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажы башчылыкка талапкерлерден араб тилин жана ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун жакшы билүүсү, мурда ажылык парзын өтөгөндүгү жана жаш курагы 55 жаштан жогору болбошу талап кылынат.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан 2015-жылдагы ажылык сапарга ажы башчылыгына талапкерлерди каттоо жүрүүдө. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Катталган талапкерлер облустук казыят тарабынан түзүлгөн комиссиянын кароосунда тандалып, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийине сунушталып, алар маектешүү аркылуу бекитилет.

"Сынактан ийгиликтүү тандалган талапкерлер менен үч айга кызмат келишими түзүлүп, 2015-жылдын 15-июлунан 15-октябрга чейин ажылык сапарга баруучу жарандарды даярдоо жана ажыга алып барып келүү милдеттери жүктөлөт. Бир ажы башчынын ажылык тайпасы ажылык жөрөлгөсүн аткарууга камынган 49 жарандан турат", — деп билдирди маалымат кызматынан. 

Ажы башчылыкка талапкерлерден араб тилин жана ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун жакшы билүүсү, мурда ажылык парзын өтөгөндүгү, өткөн жылы ажылык сапарга ажы башчы болуп барбагандыгы талап кылынат. Андан сырткары, жаш курагы 55 жаштан жогору болбошу керек.

Ош облусу боюнча бул орунга 18 талапкерлерди каттоо 2015-жылдын 15-июнуна чейин жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0