Маданият министринин орун басары Чакиев үй камагына чыгарылды

© пресс-служба Минкультуры КРМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 26-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев үй камагына чыгарылганын Sputnik сайтына Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти.

29-майда ИИМден билдиришкендей, Чакиев Бешинчи башкы башкармалыктын кызматкерине "ишти оң жагына чечип берүүсү жана мындан аркы текшерүүнү токтотуу үчүн" 92 миң сом пара сунуштаган. Министрдин орун басары экинчи жолу пара берип жатканда кармалган.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрдин орун басары Чакиев 26-июлга чейин камакка алынды
Буга чейин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 26-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Шаардык прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, Чакиев бейшембм күнү үй камагына чыгарылган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алган. Анын үй камагына чыгарылышы боюнча толук маалымат азырынча жок. 

Чакиев Кылмыш жаза кодексинин эки беренеси боюнча айыпталууда. ИИМдин маалыматына ылайык, Бешинчи башкы башкармалыктын ыкчам текшерүүсү учурунда Чакиевдин "документ жасап жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы" аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0