Дүйнөлүк эксперттер стратегиялык изилдөө институтунун 50 жылдык мааракесине келишти

Жазылуу
Кыргызстандын Улуттук стратегиялык изилдөө институтун Россия, Казакстан, Корея, АКШ жана башка мамлекеттерден келген эксперттер куттукташат.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун (УСИИ) 50 жылдык мааракесине Россия, Казакстан, Корея, АКШ жана башка мамлекеттерден келген эксперттер келишерин институттун маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте парламентаризм боюнча илимий конференция өтөт
12-июнь күнү институттун түзүлгөнүнө 50 жыл толот.

Мааракеге арналган конференцияга келе турган дүйнөлүк эксперттердин катарында Россия жана Евразия стратегиялык жана эл аралык изилдөө борборунун (CSIS, АКШ) директору Эндрю Качинс да бар. 

Мындан тышкары, президенттин алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөө институтунун директору, Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун директор орун басары, Кытай коомдук илимдер академиясынын директору Сунь Ли, Азия-Тынч океан изилдөө борбору университетинин директору Ханьян Ом Гу Хо иш-чарага катышуу ниеттерин билдиришти. 

Иш-чара жума күнү Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында саат тогузда башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0