08:45 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502
Коом
Кыскача шилтеме алуу
80 0 0

Кыргызстанда быйыл жайлоо бала бакчаларында бөбөктөрдөн сырткары, алардын ата-энелерине да баланы туура тарбиялоо боюнча окутуулар өткөрүлмөкчү.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Кыргызстанда жайлоо бала бакчалары быйыл эки миңге жакын бөбөктү кабыл алууну пландап жатат. Бул туурасында Sputnik маалымат сайтына "Роза Отунбаеванын демилеси" эл аралык коомдук фондунун жайлоо бала бакча долбоорунун жетекчиси Асылбек Жоодонбеков билдирди.

Жайлоо бала бакчаларыны негизинен ошол жайлоолордогу малчылардын балдары тартылмакчы. Республика боюнча быйыл 85 жайлоо бала бакчалары иштемекчи.

"Биздин максат кичинекейлер менен кошо ата-энелерге да балдарды тарбиялоо боюнча кошумча маалыматтарды берүү. Бул багытта "Роза Отунбаеванын демилеси" фонду бир катар 40тан ашык ар кыл чыгармачыл уюмдар менен кызматташуу боюнча келишим түздүк. Алар балдарды ар тараптан өнүктүрүү боюнча шахмат, сүрөт дагы бир топ багыттарда окууларды өткөрмөкчү", — деп билдирди Жоодонбеков.

Маалыматтарга таянсак, быйыл Ошто 14, Баткенде 9, Ысык-Көлдө 15, Жалал-Абадда 10, Нарында 23, Таласта 7 жана Чүйдө 8 жайлоо бала бакчаларын ачуу пландалып жатат. 

Жоодонбеков Балдардын өнүктүрүү борборлоруна үч жаштагы бөбөктөрдөн өйдө 12 жаштагы өспүрүмдөргө чейин кабыл алынарын жана орто эсеп менен 15-20 бала эки ай бою тарбияланарын кошумчалады. Балдар "Роза Отунбаеванын демилеси" фонду тарабынан акысыз түрдө зарыл болгон окуу китептери менен камсыз болушмакчы.

Кыргызстанда канча бала бакча иштейт? Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Тема боюнча

Айылдагы мектеп, жол жана бала бакчалар сынактын негизинде оңдолот
Саунага айланган бала бакчалар
Башкы прокуратура 53 бала бакча имаратын мамлекеттин менчигине кайтарып берди
Белгилер:
жайлоо бала бакчалары, "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду, Асылбек Жоодонбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ