Бороондун кесепетинен Бишкек миллион сомдук зыян тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековБороондуу шамалдан Бишкек миллион сомдук зыян тартты
Бороондуу шамалдан Бишкек миллион сомдук зыян тартты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү болгон бороондун кесепетинен сегиз автоунаа жабыркап, 80ден ашуун бак кулап, үч жарнама такталары кыйраган.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik.  Бороондуу шамал борбор калаага 983 миң сомдук зыян келтиргенин Sputnik агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жарандык коргоо комиссиясы жабыркаган объектилерди текшерүүдөн өткөрүп, катуу шамал 56 имараттын чатырын кыйратып, терезе айнектерин талкалаганын аныктады.

Ахунбаев көчөсүндө жарылган суу түтүгү жүз миңдеген доллар зыян келтирген
Дүйшөмбү күнү кечки саат сегизде катуу шамал башталып, андан сегиз унаа жабыркаган, 80ден ашуун бак кулап, үч жарнама тактасы кыйраган. ӨКМ билдирүүсү боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен. 

Маалыматка ылайык, шамалдан 41 турак үй, №1 орто мектеп, №27 лицей, Улуттук хирургия борбору, травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө институту, куурчак театры, №1 СИЗО, №27 бала бакчасы, Poyraz кафеси, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы, филармония, "Столичный" ААК, "Бажы инфраструктурасы" МИ, Кыргыз экономикалык университети, Улуттук китеп палатасынын имараттары жабыр тарткан.

Бороон 2 миң 76 шиферди жана бир катар курулуш материалдарын учуруп кеткен.

ӨКМ комиссия ишинин аягына чыга электигин жана эсептөөлөр улантылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0