Айылдагы мектеп, жол жана бала бакчалар сынактын негизинде оңдолот

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОңдоп аткан кызматкер. Архив
Оңдоп аткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Каржы министрлиги бөлүп берген каражатка айыл мектептерин, жолдорду, бала бакча, маданият үйлөрүн, клубдарды оңдоп, жаңы бала бакча имараттарын куруп, мектептерде жылуулук системаларын орнотууну көздөп жатат.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. 2015-жылы стимул берүүчү гранттын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын 206 долбоору ишке аша турганын Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Стимул берүүчү грант үчүн быйыл бюджеттен 500 миллион сом каралган. Бир долбоор үчүн гранттын көлөмү үч миллион сомдон ашпашы керек. 

Каражат ЖӨБ органдарына инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сынактын негизинде берилет. 

"Грант эсебинен ишке аша турган ЖӨБнын 206 долбоору жактырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жол оңдоо Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулматов: жолдогу аң-чөнөктөр сапаттуу оңдолбосо, башыңар менен жооп бересиңер
Долбоорлорду тандоо комиссиялары район, облус жана республикалык маанидеги шаарлардын деңгээлинде түзүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алынган каражатты мектеп мекемелерин оңдоо, жолдорду жана спорттук курулуштарды калыбына келтирүү үчүн сарпташы шарт. 

Долбоорлорду бекитүү үчүн Каржы министрлигинин, коомдук кеңештин жана жарандык сектордун өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0