Пан Ги Мунга Жогорку Кеңеш жөнүндө фильм көрсөтүштү

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКино көрүүчү зал. Архив
Кино көрүүчү зал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин бешинчи чакырылышы 2010-жылдын 10-октябрында партиялык тизмелер менен шайланган.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Парламенттик демократияны өнүктүрүү маселелери боюнча Бишкекте өткөн конференцияда БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мунга Кыргызстандын парламенти жөнүндө даректүү фильм көрсөтүлдү.

Ошто болуучу сапарында Пан Ги Мун алгач өкмөт башчысы Сариев менен жолугат
Тасмада байыркы замандан бери аксакалдар кеңеши сыяктуу коомдук институту иштеп келген кыргыз элинин тарыхы сүрөттөлөт. Ошондой эле анда КР бийлигинин апрель окуяларына чейинки жана андан кийинки иши баяндалган. Тасмада эксперттер "сын-пикирлерге жана айрым кемчиликтерге карабай, Жогорку Кеңеш өз мөөнөтүн жакшы иштеп аяктоодо" деген ойлорун айтышат.

2010-жылдын июнь айында өткөн референдумда Кыргызстандын эли көз карандысыздык мезгилинде биринчи жолу өлкөнү парламенттик-президенттик башкаруу жолун тандап алган.

Парламенттин бешинчи чакырыгы 2010-жылдын 10-октябрында партиялык тизмелер боюнча шайланган. Жогорку Кеңешке "Ата-Журт", КСДП, "Ар-Намыс", "Республика" жана "Ата Мекен" болуп бардыгы беш партия өткөн. Парламенттин беш жылдык иш мөөнөтү 2015-жылдын күзүндө аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0