Сариев: өрт кырсыгынан чарчап калган эгиздер ата-энелерге сабак болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСариев: өрт кырсыгынан чарчап калган эгиздер ата-энелерге сабак болушу керек
Сариев: өрт кырсыгынан чарчап калган эгиздер ата-энелерге сабак болушу керек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын өкмөт башчысы тийиштүү органдарга өрт коопсуздук техникасын сактоо жана кырсыктын алдын алуу боюнча аракеттерди күчтөндүрүүгө тапшырма берди.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы өрт кырсыгынан үч жашар эгиздердин өмүрү кыйылганына байланыштуу премьер-министр Темир Сариев балдардын ата-энесине көңүл айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Жекшембиде ала салып, күйүп кеткен "Москвичтен" үч жашар баланын сөөгү табылды
Бул сыяктуу кырсыктардын алдын алуу максатында премьер Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекцияга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өрт коопсуздугун сактоо жана анын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды. 

Мында өкмөт башчысы ата-энелер өзгөчө каникул учурунда балдарын кароосуз калтырбашы керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0