00:30 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Коом
Кыскача шилтеме алуу
18330

Жети жылдан бери кыргыз эли Айматовдун жоктугун сезип, көп маселелерде анын үнүн, чындыгын, караанын жоктоп келет.

БИШКЕК, 10-июнь – Sputnik. Бүгүн кеменгер, алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө жети жыл болду. Ал 2008-жылдын 10-июнунда алыскы Германиянын Нюрнберг шаарында ооруканада көз жумган. Кыргыздын бактысына жаралган, улуттун улуттугун көрсөтүп, алыскы-жуукка тааныткан генийсиз жети жыл жана Айтматовдун мурасын кантип улантып жатканыбыз туурасында сөз кылууну эп көрдүк.

Биз кепке тарткан жазуучу жана драматург, мурдагы маданият министри Султан Раев жазуучунун улуу маданияттарды бириктирген кеменгердигин, доордун күрөө тамырын кармагандыгын, сүрөткерлигин эскерди.

"Бүгүн эле Чыңгыз Төрөкулович Айтматов өмүрүнүн акыркы жылдарында дипломатиялык кызматта иштеген Брюсселден келдим. Ал жер Айтматовдун жүргөн жери, анын акыркы чыгармалары жазылган шаар, Европанын маданияты Чыңгыз Төрөкуловичке чоң таасир  берген руханий мегаполис болгон десем жаңылышпайм. Ал киши акыркы сапарга да Европадан кетпедиби. Бул маселенин дагы өтө бир символикалуу мааниси бар деп айтар элем.  Айтматов Чыгыштын жазуучусу, ойчулу болгону менен, ал европалык маданиятты синтездештирип, Азия маданияты бириктирген өзүнчө бир руханий көпүрө, инсан катары секирик жасады", — дейт Раев.

Учурда жазуучунун мурасын улантуу жагынан али кыймылга келбей жатканыбыз жашыруун эмес. Театрларга, көчөлөргө ысымын ыйгарып, Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктарды уюштурганыбыз менен чыгармаларын, ааламын жайылталбай келебиз. 

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, айтматов таануучу Абдыкерим Муратов азыркы мезгилде Айтматов таануу илими да, аны пропагандалоо да өз деңгээлине жетпей жаткандыгын, ал тургай жазуучунун музейин ача албай жатканыбызды айтат. Анын пикиринде Айтматов таануу институтун ачып, ал жерде киночулар, театр жана адабий сынчыларын, адабият таануу, педогогика боюнча адистерди тартып, комплекстүү иш алып баруу зарыл эле.  

"Айтматов кыргыз эли, маданияты үчүн жасай турганын  жасап кетти. Биз ошол Айтматовдун кийинки муундарга өткөрүп, жалпы элге таратышыбыз керек. Азыркы мезгилде айтматов таануу илими да, аны пропагандалоо да өз деңгээлине жетпей жатат. Алигиче жазуучунун музейин ача албай отурабыз. 10-15 томдон турган чоң энциклопедия чыгарабыз дедик эле, ал дагы ишке ашпай турат. Чыгармаларын азыркы муундар китеп түрүндө окубайт, аны электрондук вариантта чыгарып, интернетке компьютердин тили менен киргизишибиз керек эле. Айтматов кылымдык кенч, ал абдан көп изилдөөлөрдү талап кылат. Тексттерин окуп таңгалып, адамдык кайталангыс бир жөндөмдүүлүктөгү кишиби дейсиң да. Мунун баарын кеңири өңүттөн алып изилдөө керек болуп, ал чоң каражатка келип такалууда", — деди окумуштуу Муратов. 

Улуу жазуучу жерге берилгенден кийин,  анын экинчи жашоосун улантуу максатында сөөгү коюлган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин "Айтматов ааламына" айлантуу боюнча долбоор иштелип чыккан. Бирок ал да азыркыга чейин токтоп турат. 

"Биз Чыңгыз Төрөкуловичти "Ата-Бейитке" койгондо чоң иштерди пландаганбыз. Ал жерге "Айтматовдун ааламы" деген чоң парк уюштуруп, ичинде анын чыгармаларындагы  каармандардын эстеликтерин тургузалы деген долбоор болучу. Анда Айтматовдун жаткан жерине сыйынганы келген адам башкача бир ойдо кетет, өзүнчө бир сыйынуучу, руханий жай болсо деген тилек бар эле. Бирок, тилекке каршы, аны жасай албай жатабыз", — деди мурдагы маданият министри Раев. 

Айтматовдун  даанышмандыгы, кезегинде улутка бел болгондугу учурда кадимкидей сезилип келет. Жети жылдан бери аны билген, туйган адамдын көкүрөгүндөгү бир боштук турат. Бул туурасында Раев Айтматовду жоктоп, улуттун лидерин узатканыбызды сезип жатканыбызды айтты.

"Азыр бизге руханий лидер жетишпейт, андай болуш үчүн эл баалаган Айтматовдой адам болушу зарыл. Ошондуктан жети жылдан бери биз аны жоктоп келе жатабыз, кээ бир маселелерде Айматовдун үнү, чындыгы, көкүрөгү керек эле. Бул чоң жоготуу канчалык оор болгону менен анын калтырып кеткен мурасын, сөзүн, чыгармачылыгын жайылтуу, аны кайрадан тереңдеп үйрөнүү иштерин жасашыбыз керек", — деди ал.

Раев жазуучунун артынан калтырып кеткен улуу касиети, даанышмандыгы, залкарлыгы, философтуулугу бизди дүйнөгө башкача көз караш менен караганга багыттап, ички дүйнөбүзгө жанган чырактай болуп тургандыгын айтты. 

Эмне демекчибиз, мезгил бизди улуу жазуучудан канчалык алыстаткан сайын, биз ага ошончолук жакындай беребиз, биздин маектеш айтмакчы, улуу гуманист Чыңгыз Айтматов чындыгында эле адамзаттын жан дүйнөсүнүн чырагы бойдон калды.

Тема боюнча

Бишкектеги Тынчтык проспектисине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет
Берлиндин Гумбольдт университетинде Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара өттү
Белгилер:
Нюрнберг, Чыңгыз Айтматов, Султан Раев, Абдыкерим Муратов, Ата-Бейит мемориалдык комплекси, улуу жазуучу

ЭҢ МААНИЛҮҮ