Президент: Кыргызстанда туулуп өсүп, бирок башка мамлекетти мекен деп жүргөндөр жок эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент: Кыргызстанда туулуп өсүп, бирок башка мамлекетти мекен деп жүргөндөр жок эмес
Президент: Кыргызстанда туулуп өсүп, бирок башка мамлекетти мекен деп жүргөндөр жок эмес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын июнь коогалаңында каармандык көрсөтүп, тургундарды сактап, аман алып калгандарды кабыл алды.

БИШКЕК, 10-июнь – Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ар бир жаран өзү жашап жаткан мамлекетинин тарыхын, тилин билиши керек деп эсептерин июнь окуяларында каармандык кылгандарды кабыл алып жатып билдирди.

Ал өз сөзүндө Кыргызстанда туулуп өсүп, бирок башка мамлекетти мекени деп эсептеп жүргөндөр да жок эместигин айтты.

"Мисалы, Бишкекте туулуп өсүп, бирок башка мамлекетти мекени катары билген жарандар бар. Алардан эмне жакшылык күтүүгө болот?", — деди ал.

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалган диплом менен алты жыл милицияда иштеп жүргөн жаран аныкталды
Атамбаев ошол эле учурда адамдарды алардын өңүнө жана башка өзгөчөлүктөрүнө карап эч качан бөлбөө керектигин баса белгиледи.

Өлкө башчысы 2010-жылдын июнь коогалыңында өлкөнүн тынчтыгы, элдердин биримдиги үчүн өз жанын тобокелдикке салып, башкалардын аман калышына жардам берген жарандарга чоң ыраазычылык билдирди.

Ал өз сөзүндө ушундай кишилердин жардамы менен этникалар аралык жаңжалды четтетип, тез арада тынчтык орнотуу мүмкүн болгонун белгиледи.

"Биз көп улуттуу элбиз. Жүрөгү таза мындай жарандардын бар болгонуна кудайга миң мертебе ыраазымын. Ушул кишилердин кылган иштерин баалап, аларды сыйлай баштаганда гана биздин өлкөдө тынчтык өкүм сүрөт", — деди өлкө башчы.

Июнь окуяларында каармандык көрсөткөн жарандар президенттин энчилүү кол сааттары менен сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0