Акыйкатчы кызматтан кетүүгө даяр экендигин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев. Архив
Кыргызстандын акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин парламенттин профилдик комитети акыйкатчынын жылдык отчетун канааттандырбайт деп тапкан.

БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. Кыргызстандын акыйыкатчысы Бактыбек Аманбаев кызматынан кетүүгө даяр экендигин айтты.

Шейшемби күнү Адам укугу, конституциялык мыйзам чыгаруу жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети акыйкатчынын отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Аманбаев шаршемби күнү парламент жыйынында депутаттардан отчеттун канааттандырбаган себебин сурады. 

"Комитет отчетту канааттандырбайт деп таап, регламентти бузду. Эгер кимдир бирөө менин катачылыгымды тапса, мен өз ыктыярым менен кызматтан кетүүгө даярмын", — деди Аманбаев.

Төрага Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеш акыйкатчынын докладын уга электигин, алдын ала кызматтан кетүү тууралуу жар салуу туура эместигин белгилеп, отчетту баштоону сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0