10:36 25 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6179
  • EUR102.9631
  • RUB1.1473
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Катуу шамалдын кесепети (17)
32 0 0

Шамалдын кесепеттерин жоюу иштери ушул убакка чейин улантылууда. Мындан тышкары, азыр бардык бактар текшерүүдөн өтүп жатат. Жарандардан унааны этияттык менен токтотууну, жанындагы бактарды бир сыйра карап коюуну аким өтүнөт.

БИШКЕК, 9 июнь — Sputnik. Унаа токтотууда жанындагы бактарды текшерүүнү Биринчи Май районунун жетекчиси Аскербек Алиев маалымат жыйынында билдирди.

Дүйшөмбү күнү кечки саат сегизде катуу шамал болуп, андан бактар кулап, электр түйүндөрү жабыркаган. 

Акимдин айтуусунда, Бишкек мэриясы катуу шамалга даяр турган, анткени ӨКМ кооптуу жагдай түзүлөрүн эскерткен. Кырдаал саат сайын өзгөрүп жатат. Мэрияга учурда чатырлары кыйраган үйлөр тууралуу жаңы маалыматтар түшүүдө.

"Шамалдын кесепеттери ушул убакка чейин жоюлууда. Мындан тышкары, азыр бардык бактар текшерүүдөн өтүп жатат. Жарандардан унааны этияттык менен токтотууну, жанындагы бактарды бир сыйра карап коюуну өтүнөбүз", — дейт аким.

Алиев жакын арада авариялык абалдагы бактар кыйыла баштарын кошумчалады.

Тема:
Катуу шамалдын кесепети (17)

Тема боюнча

Бороондуу шамалдан кийинки эмен паркы
Бороондуу шамал 30 светофорду иштен чыгарды
Белгилер:
аким, катуу шамал, бак-дарак, шаардык унаа, Биринчи май району, Аскербек Алиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ