"Түндүкэлектро" ААК: 130 оперативдүү бригада электр кубатын калыбына келтирүүдө

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЭлектр оңдоогон кызматкер. Архив
Электр оңдоогон кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бороондуу шамалдын кесепетинен жаңы конуштар, шаардын батыш жана түндүк бөлүктөрү электр жарыгысыз калган.

БИШКЕК, 9 июнь— Sputnik. Бороондуу шамалдын натыйжасында бир катар жаңы конуштар жана Бишкектин бир катар турак-жайлары электр жарыгысыз калганын Sputnik агенттигине "Түндүкэлектро" ААК өкүлү Гуля Мураталиева билдирди.

Шаар кызматтары түн бою бороондуу шамалдын кесепеттерин жоюп жүрүштү
Дүйшөмбү күнү саат кечки сегизде катуу шамал башталып, бактар, орнотулган көрнөк-жарнактар кулап, чатырлар сыйрылып, электр түйүндөрү үзүлгөн. ӨКМ маалыматы боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен. 

Мураталиева Көлбаев көчөсүндө бир нече жатакана, турак үй жана жеке секторду электр энергиясы менен камсыздаган трасформатордун күйүп, ал бүгүн калыбына келтирилерин кабарлады.

Маалыматка ылайык, облус боюнча 130 оперативдүү бригада, анын ичинен 33ү Бишкек шаарында иштеп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0