21:15 27 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.1275
  • EUR95.8035
  • RUB1.0611
Коом
Кыскача шилтеме алуу
83 0 0

2015-жылдын 1-январында Афганистанда НАТОнун Resolute support жаңы альянсы ишке кирген. Ал аскерий эмес, Афганистандын коопсуздук күчтөрүнө кеңеш гана берет.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. НАТОнун жүктөрүн Кыргызстан аркылуу транзит менен ташуу боюнча келишим жаңыланып, ал мурдагы эле күчүндө калганын Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Акуналы Досалиев Sputnik сайтына билдирди.

Сурамжылоо

НАТОнун жүктөрүнүн Кыргызстан аркылуу ташылышына кандай карайсыз?
  • Кадимки көрүнүш катары баалайм
    10.7% (3)
  • Кыргызстан НАТОнун мүчөсү болбогондон кийин ташылбашы керек
    71.4% (20)
  • Жүктөрдү тыкыр текшерүүгө алышыбыз керек
    14.3% (4)
  • НАТОдон сак болуу керек
    3.6% (1)
  • Мага баары бир
    0% (0)
Добуш бергендер: 1
НАТОнун Орто Азия мамлекеттери боюнча кызматташуу бөлүмүнүн кызматкери Александр Винников маалымат жыйында билдиргендей, 2015-жылдын 1-январында Афганистанда НАТОнун Resolute support жаңы альянсы ишке кирген. Ал аскерий эмес, Афганистандын коопсуздук күчтөрүнө кеңеш гана берет. 

Өткөн жылдын аягында НАТОнун башкы катчысы Кыргызстандын өкмөтүнө транзиттик жүктөрдү өлкө аймагы аркылуу ташуу боюнча келишимди узартуу өтүнүчү менен кайрылганын Винников белгиледи.

Майдын аягында ЖК тармактык комитети Коопсуздукка көмөктөшүү эл аралык күчтөрүнүн Кыргызстандын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу жүктөр боюнча КР өкмөтү менен НАТО ортосундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү боюнча протоколдун долбоорун жактырган. Анда Кыргызстан транзиттик аймак катары каралган. Аталган келишимди ЖКнын Эл аралык байланыштар боюнча комитети да карашы керек.

Досалиевдин айтымында, НАТО менен түзүлгөн мурдагы келишим узартылып жатат.

"Келишим ошол эле, болгону жаңыланып, күчүндө калды", — деди ал.

Досалиев кара жол менен ташыла турчу жүктөрдүн салмагы 10 тоннадан ашпашы керектигин айтып, мындай талап, КРдин мыйзамы менен бекитилгенин кошумчалады. 

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Темир жол жана автомобиль транспорт башкармалыгынын жетекчиси Адылбек Акматов учурда келишимдин аталышына бир аз тактоо киргизилип жатканын билдирди. 

"Мурдагы келишимдин аталышындагы "Коопсуздукка көмөктөшүү эл аралык күчтөрү" деген сөздү кыска эле НАТО деп эле атоо киргизилүүдө. Калган беренелери ошол бойдон калды", — деди Акматов.

Анын айтымында, жүктөр келишимге 2012-жылы кол коюлгандан тарта эле ташыла баштаган. Аталган келишимдин 9-беренесинде "жүктү Кыргызстандын аймагы аркылуу кыргызстандык жүк ташуучулар ташыйт" деп белгиленгенин Акматов кошумчалады.

Ал ошондой эле, жүктөрдү ташуу азыр деле улантылып жатканын айтып, келишим үзгүлтүккө учурабаганын белгиледи.

Кыргызстандын Бажы кызматында көп жылдан бери иштеп жүргөн көздөй булактын айтымында, НАТОнун жүктөрү Афганистан – Тажикстан – Кыргызстан – Казакстан – Россия жол каттамы менен ташылган.

Кыргызстандын жүк ташуучу фирмалары аталган жүктөр оор жана шарттары пайдасыз болгондуктан аны ташуудан баш тарткан.

"Биздин жүк ташуучулардын техникасы эски болгондуктан бат эле талкаланып калган. Мындай жүктөрдү ташуу алар үчүн пайдасыз болгон", — деди булак.

Андыктан жүктү Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандын жүк ташуучулары ташыган.

Тема боюнча

НАТОнун аскерлери Афганистандан кетип жатат
АКШ элчилиги дипломатиялык почта аркылуу келген жүк боюнча комментарий бербейт
Белгилер:
транзит, жүк ташуучулар, Түндүк Атлантика альянсы, НАТО, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ