Өткөн беш жылдыктагы билим, илим жаатындагы иштер талкууланат

© Sputnik / Табылды КадырбековМектепте кыргыз тил китеби. Архив
Мектепте кыргыз тил китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлигинин 5 жылдык ишмердүүлүгүн талкуулаган жыйынга баш прокурордон тарта тиешелүү болгон бир катар министрликтер менен ведомостволордун жетекчилери чакырылды.

БИШКЕК, 8-июнь — Sputnik. ЖКнын комитети Кыргызстандагы билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө аталган министрликтин 2010-2015-жылдардагы иши жөнүндө жыйын өткөрөт. 

Жыйын 8-июнда Билим берүү жана илим министрлигинде өтөт. Аны Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети өткөрөт. Ага башкы прокурор Индира Жолдубаева, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов, Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев жана бир катар министрликтер менен ведомостволордун жетекчилери чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0