Дамира Ниязалиева: Мамлекеттин менчигиндеги спорт объектилери жеке менчикке өтпөшү керек

Жазылуу
Акыркы 20 жылдын ичинде 64 мамлекеттик спорт объектилери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Алардын көбү сатылып же максатсыз пайдаланылууда.

БИШКЕК, 7-июнь — Sputnik. Мамлекеттик спорт объектилерин менчиктештирүүгө жол бербөө керектигин КР вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева жумушчу топтун иш жыйынтыгы менен билдирди.

Бишкекте вице-премьердин катышуусу менен улуттук статусу бериле турган спорттук курулуштардын, ден соолукту чыңдоочу жайлардын тизмесин түзүү боюнча жумушчу тобунун жыйыны болгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

"1991-2012-жылдардын аралыгында 64 мамлекеттик спорт объектилери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Алардын бири да капиталдык оңдоодон өткөн эмес, көбү сатылган же максатсыз пайдаланылууда", — деди вице-премьер.

Анын айтымында, мамлекеттин менчигиндеги спорттук мекемелер жеке менчикке өтпөшү керек.

"Мамлекеттик спорттук мекемелерди менчиктештүүгө КР мыйзамы жол бербейт", — дейт Ниязалиева. 

Ниязалиева учурда мамлекет спорттун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруу менен дени сак жашоону кеңири жайылтып жатканына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0