Үч эм төрөгөн келин Атамбаевден жана атка минерлерден жардам суроодо

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бактыгүл Камчыбек кызы уулун Хабибулла, кыздарын Ханифа жана Хабиба деп атай турганын билдирди.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Үч эм төрөгөн Бактыгүл Камчыбек кызы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевден жана атка минерлерден жардам сурады.

Бир уул, үч кыз жума күнү таңкы саат төрттө №6 төрөт үйүндө операция жолу менен жарыкка келишти. 

Sputnik агенттиги менен болгон маегинде Бактыгүл Камчыбек кызы өзүнүн да, балдарынын да абалы дурус экенин билдирди. 

"Кайын журтум менен болгон түшүнбөстүктөрдөн улам үйдөн чыгып кеткем. Өзүмдүн энем күйөөм менен жашашымды каалагандыктан, ал жакка да бара албайм. Баш калкалай турган жайым жок. Андыктан президенттин жана өкмөт чиновниктеринин ар тараптуу жардамы учурда зарыл болуп турат", дейт үч эмдин энеси.

Ымыркайдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте үч эм төрөлдү
Бактыгүл дарыгерлер ымыркайды жакшы карап жатканын белгилеп, уулуна Хабибулла, ал эми кыздарын Ханифа жана Хабиба ысымдарын ыйгара турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, апрель айында Нурлан Зарнаев жана Гүлайым Абдылдаеванын үйүндө да төрт эм төрөлгөн. Анда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен үй-бүлөгө квартира бөлүп берүүгө убада кылынган. Ал эми ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев 300 миң сом өлчөмүндө жардам берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0