Пакистандык жаран 10 кыргызстандыкты алдап кетти деп шектелүүдө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАкча купюралары. Архив
Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жаран буга чейин алдамчылык жана бейбаштык үчүн соттолуп чыккан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Япониядан автоунаа алып келип берем деп онго жакын кишини алдаган.

БИШКЕК, 5-июнь— Sputnik. Пакистан жараны Жавид Ахмед Малик япониялык автоунаалар менен алдамчылык кылган деп шектелип жаткандыгы туурасында Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын тургуну Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө пакистандык жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Арыздануучу андан пакистандык жаран Япониядан автоунаа алып келип берем деп 3,5 миң доллар алып, ошол бойдон качып кеткенин билдирет.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө мыйзамсыз иш алып барган чет элдик жарандар кармалды
Аталган иш боюнча КРдин Кылмыш кодексинин 166-беренесинин негизинде алдамчылык үчүн кылмыш иши козголгон. 

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында алдамчылыкка шектелген 41 жаштагы пакистандык Жавид Ахмед Малик кармалды. Ал жаран буга чейин алдамчылык жана бейбаштык үчүн соттолуп, бирок мөөнөтүнөн мурда шартуу бошотулган. 

Тергөөчүлөр кармалган пакистандык ишенимге кирип, автоунаа алып келип берем деген шылтоо менен дагы 10 кишиден акча алгандыгын аныкташты. 

Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кармалган пакистандык жаранга акчасын алдатып жибергендер болсо, 0554 001 200, 0553 102 687 телефондоруна кайрылууну суранат.


Жаңылыктар түрмөгү
0