Бишкекте үч эм төрөлдү

© flickr.com / Quinn DombrowskiЫмыркайдын колу. Архив
Ымыркайдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайлардын абалы жакшы. 23 жаштагы келин бир уул, эки кызды жарыкка алып келди.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Бишкекте 23 жаштагы келин үч эм төрөгөнүн Sputnik агенттигине анын курбусу Зарина Батыралиева билдирди.

Анын айтымында, ымыркайлар 5-июнда таңкы саат төрттө операция жолу менен төрөлүштү. Бактыгүл Камчыбек кызы эми бир уул, эки кыздын энеси болуп калды.

"Учурда эне-балдар реанимацияда. Дарыгерлер ымыркайлардын абалы жакшы экенин айтышууда. Алардын энеси азырынча наркоздон ойгоно элек. Балдар дени сак төрөлүштү", — дейт Батыралиева.

Батыралиева эки ай мурун Бактыгүлдү шаардык мечиттердин биринен өз үйүнө баш калкалоо үчүн алып кеткенин кошумчалады. 

"Ал күйөөсүнөн кетип калган экен, менин үйүмдө эки айдай жашады. Өзүм мечитте иштейм, бир күнү эле ал бара турган жери жок экенин айтып жардам берүүмдү суранды", — дейт Батыралиева.

Бактыгүлдүн курбусу жаңы төрөгөн келин дагы кандай жардамга муктаж экенин билүү үчүн аны менен сүйлөшөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0