Москвада жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга алып келинди

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан жабыр тарткан кыргызстандык 1992-жылы туулган Темир Мусалиев учурда Москва шаарынын №1 ооруканасында.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Москва шаарында үч унаанын кагылышуусунан каза болгон Ош облусунун Маңгыт айлынын жашоочусу Чынара Таированын сөөгү Кыргызстанга алынып келгенин ӨКМ маалымат кызматы билдирет.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы жол кырсыктан каза болгондордун ысымдары белгилүү болду
Кырсык 1-июнга караган түнү Москва шаарынын батыш тарабында МКАДдан үч чакырым алыстыктагы М-3 "Украина" федералдык трассасында болгон. Жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын билдирүүсү боюнча, кырсык үч унаанын — ВАЗ-2114, автожүктөгүч жана "Тойота" маркасындагы микроавтобустун кагылышуусунан улам келип чыккан. Машинанын бирөө аласалып кеткен. 

Маалыматка ылайык, Таирова ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.

Авария кесепетинен набыт болгон төрт адамдын бирөөсү жана жабыркагандардын бири Кыргызстандын жарандары экендиги аныкталган. 

Кырсыктан жабыр тарткан кыргызстандык 1992-жылы туулган Темир Мусалиев учурда Москва шаарынын №1 ооруканасында.

Жаңылыктар түрмөгү
0