Биометрикалык маалыматтар Малайзияда чогултулат

© Sputnik / Миронов / Медиабанкка өтүүКуала-Лумпур, Малайзия. Архивное фото
Куала-Лумпур, Малайзия. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарды кабыл алуу пункту 1-июндан тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин күнүгө саат 10.00дөн 13.00гө чейин Куала Лумпур шаарында жүрүп жатат.

БИШКЕК, 5 июнь — Sputnik. КР Малайзиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүндө биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу пункту 1-июндан тарта ачылганын ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Малайзиянын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган кыргызстандыктар эми элчиликтин имаратында биометрикалык маалыматтарын тапшыра алышат.

"Маалыматтарды кабыл алуу пункту дүйшөмбүдөн жумага чейин күнүгө саат 10.00дөн 13.00гө чейин Куала Лумпур шаарында иш алпарат",— деп айтылат билдирүүдө.

Биометрикалык мааалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт аңдуу жөнүндө: биометрикалык маалыматтарга "аңчылык" болот
Биометрикалык маалыматтарды КР жараны экенин тастыктаган чет элдик же 1994-жылдагы паспортту көрсөтүү менен тапшырууга болот. 

Жарандардын маалыматтары акысыз алынып, анын кайсы жерде катталганы эсепке алынбайт.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылы августта башталган. 16 жаштан жогорку бардык жарандар, манжаларынын издерин, санарип сүрөтүн жана кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Каттоого алуу 2015-жылдын 1-августунда аякташы керек. Жалпысынан 3 миллион 641 миң кишинин биометрикалык маалыматтарын алуу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0