Бек Борбиев кыргыз тили үчүн болгон күрөшүн улантарын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын прессасы. Архив
Кыргызстандын прессасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ырчы Бек Борбиевге социалдык тармакта жазган сөздөрү үчүн эскертүү берди.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Эстрада ырчысы Бек Борбиев кыргыз тили үчүн болгон күрөшүн уланта турганын Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Депутат журналисттердин кийингенине, ары-бери басканына нааразы болду
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ырчы Бек Борбиевдин Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазган текстине карата филологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирип, расмий түрдө эскертүү берди.

Май айынын башында Борбиев өзүнүн баракчасына КРдеги уюлдук операторлордун бири кардарларды өзбек тилинде тейлегенине нааразычылыгын билдирген жана ага каршы акцияга чыгууга чакырган болчу.

Борбиев УКМК өз кызматын аткарып жатканын белгилеп, башталган акциясын улантарын билдирди.

"Кыргыз тилинин тагдыры ойлондурбай койбойт. Эскертүү берилген күндө деле кайдыгер болуп калбайбыз. Баштаган ишибизди мыйзамдуу жол менен аягына чыгарабыз", — деди эстрада ырчысы.

Бек Борбиевдин социалдык тармакта жазган постун бир катар колдонуучулар улутчулдук  деп баалап, коомчулукта эки башка маанайдагы катуу талкуу жаралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0