Балык жеке менчик, суу мамлекеттики – Мартыновдун үстүнөн эки доо арызы даярдалууда

© Sputnik / Эркин АлымбековӨлүк балыкка толо көлмө. Архив
Өлүк балыкка толо көлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр Мамлекеттик экотехинспекция жана булганган көлмөлөрдүн ижарачылары депутат Евгений Мартынов келтирген зыянды эсептеп жатышат.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Сокулуктагы чочко фермасынын ээси депутат Евгений Мартыновдон келтирилген зыяндын ордун сот аркылуу төлөтүп алууну ууланган көлмөлөрдүн ээлери менен бирге мамлекеттин атынан Сокулук району боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы талап кылганы жатат.

Ууланган көлмөлөрдүн ээлери Мартынов алардын сатууга кете турган балыктарынын, чабактардын жапырт өлүшүнөн келтирилген зыянды, ошондой эле өндүрүлбөй калган пайданы төлөп бериши керек деп эсептешет. Сокулук району боюнча Мамлекеттик экотехинспекциядан болсо Мартынов "мамлекетке тиешелүү сууну ууланткандык" үчүн жооп бериши керектигин айтышты.

"Балык жеке менчик болгону менен, суу мамлекеттики да. Биз суунун анализ жыйынтыктарын алдык, ченемдерден ашып кеткени бар. Бүгүн иш күнү аяктаганга чейин доо арызын беребиз", — деди Мамлекеттик экотехинспекциянын Сокулук району боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Борочоров.

Ал азыр келтирилген зыян эсептелип жатканын айтты. Булганган көлмө ээлери да ошону менен алектенүүдө. Алардын бири Владимир Смышляев Sputnik кабарчысы менен маегинде келтирилген зыянды төлөтүүдөн сырткары, Мартыновдун чочко кармаган жайларын иретке келтирүү маселесин чечүүгө да жетишүү ниетин билдирди.

"Сотко келтирген зыяндын ордун төлөө жана мындай окуяларга кайра жол бербөө үчүн ал өзүнүн чочко кармаган жайларын толук иретке келтиришин, болбосо, эгер мунун баары ченемдерге ылайык келбесе, аларды жок кылууну талап кылабы менен арыз даярдайбыз", — деп бөлүштү Смышляев.

Анын маалыматы боюнча, көлмөлөрдү ижарага иштетип жаткандар азыр көлмөлөрдү кургатып, ошол абалда бир жылга калтырып койгону жатышат. Андан кийин алардын ичи тазаланып, жаңы топурак салынат. Ошондон соң гана атайын экспертизалардан соң ижарачылар кайра балык өстүргөнгө уруксат ала алат.

Өлгөн балык инфекциялык ооруларды пайда кылышы мүмкүн деп сокулуктуктар кооптонушууда
Чочко чарбасынын ээси Евгений Мартынов жагдайга телефон аркылуу комментарий берүү жөнүндө Sputnik кабарчысынын өтүнүчүнө колу бошобой жатканын айтып телефонду коюп койду.

Мурдараак Романовка айылындагы ууланган көлмөлөрдүн суусуна жасалган анализдердин жыйынтыгы белгилүү болгон. Ага ылайык, сууда кычкылтектин көлөмү бир топ төмөн. Ал эми КБК-5тин эң жогорку көрсөткүчү өз ченеминен 577 эсе, эң төмөнү 13 эсе ашык. Аммоний азоту жана нитрит азоту боюнча көрсөткүчтөр да ченемден бир топ жогору.

Көлмөнүн суулары химиялык заттар боюнча азырынча текшериле элек.

Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Романовка айылындагы көлмө балыктарынын майдын аяк чениндеги массалык түрдө өлүмү жергиликтүү кеңештин депутаты Евгений Мартыновго тиешелүү "Алмаз" чарбасы таштандыларды сууга ыргыткандан болгон деп божомолдонот.

Кычкылтекти биологиялык колдонуу (КБК) көлмөлөрдүн органикалык заттар менен булганыч деңгээлин аныктоонун эң маанилүү критерийлеринин бири болуп эсептелет. Ал суудагы жеңил кычкылдануучу органикалык булганычтардын санын аныктайт. 

Ондогон тонна балыктардын кырылышы. Сокулуктагы экологиялык кооптуулук.
Жабыр тарткан көлмөлөрдү ижарага алып иштетип жаткандардын эсеби боюнча, Мартыновдун чочко чарбасынан бардыгы болуп 2 миң куб метр таштанды сууга ыргытылган. Бул көлмө балыктарынын жапырт өлүмүнө алып келген. Ошондой эле аталган көлмөлөрдүн суусу менен сугарылчу 12 миң гектар аянттагы айыл чарба өсүмдүктөрү да уулануу коркунучунда турат. Жергиликтүү тургундар көлмөлөрдө чирип жаткан ондогон тонна балыктардын айынан аймакта жугуштуу оорулар чыгып кетеби деп кооптонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0