12:41 18 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
172 0 0

ТИМ башчыларынын жолугушууларынын алкагында дүйнөдө жана ШКУ мейкиндигинде кырдаалдын өрчүү маселелери, ошондой эле кызыккан мамлекеттер жана башка эл аралык уюмдар жана форумдар менен байланыштарды кеңейтүү талкууланган.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Эрлан Абдылдаев ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумуна катышкандыгы туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын июль айында Уфада боло турган кеңешине даярдануунун алкагында тышкы иштер министрлери уюмдун ар кандай иш багыттарында өз ара аракеттешүүлөрдү жакшыртуу жана өнүктүрүү, эл аралык жана аймактык иштерде ШКУнун ролун жана ордун жогорулатуу маселелерин карап чыгышты.

Аймактык маселелер, дүйнөлүк жана ШКУ мейкиндигиндеги абал, ошондой эле кызыккан мамлекеттер жана башка эл аралык уюмдар жана форумдар менен байланыштарды кеңейтүү боюнча пикир алмашуулар болду. 

Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров Москва Кыргызстан менен "жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлгөн" кызматташтыкты баалай тургандыгын белгиледи.

"Биз жаңы сапаттарга ээ болгон өз ара мамилелерди жогору баалайбыз", — деди министр.

Анын айтымында, Москва согуштун натыйжаларын эстен чыгарууга, тарыхты кайра жазууга жол бербөө темасы РФ менен КРдин көз жаздымында калбастыгына ишенет. 

Өз кезегинде Абдылдаев быйыл ШКУда Россиянын төрагалыгы "эң жакшы маанайда" болуп, "ШКУнун күн тартибине коюлган көпчүлүк суроолор ачык-айкын мүнөзгө жетип, эми жакынкы арада алар боюнча чечим кабыл алына" турганын айтты.

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) — 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн лидерлери тарабынан түзүлгөн аймактык эл аралык уюм. Өзбекстандан башка аталган бардык өлкөлөр 1996-1997-жылдардагы аскердик тармакта ишенимди бекемдөө жана чек ара аймактарына куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндө келишимдердин негизинде түзүлгөн "Шанхай бешилигинин" мүчөсү болчу. Афганистан, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан ШКУнун байкоочулар статусуна ээ. 

Быйыл ШКУда Россия төрагалык кылууда.

Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)

Тема боюнча

ШКУ мамлекеттеринин атайын даярдыктагы аскерлеринин биргелешкен машыгуусу
Россиянын өкмөтү Кыргызстан менен миграциялык режимди жеңилдетүүнү колдоду
Россия каналдарынын берүүлөрү үзгүлтүккө учурабайт
Белгилер:
ТИМ, ШКУ, Эрлан Абдылдаев, Сергей Лавров, Кыргызстан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ