Үч күндүн ичинде эле Бишкекте 813 оң рулдуу автоунаа катталган

© Sputnik / Табылды КадырбековОң рулдуу автоунаа ээси менен. Архив
Оң рулдуу автоунаа ээси менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оң рулдуу автоунааларды каттоонун акыркы күнүндө Бишкектин унаа каражаттарын каттоо бөлүмү акыркы кардарды тейлеп, кечки саат сегизге чейин иштеди.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Шаардык автоунааларды каттоо бөлүмү июнь айынынын башынан бери 813 оң рулдуу автоунааны каттоодон өткөргөнүн Sputnik агенттигине аталган кызмат билдирди.

Февраль айында президент Алмазбек Атамбаев КР аймагына оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө жана аларды каттоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, 3-июнь Кыргызстанга киргизилген оң рулдуу автоунааларды каттоонун акыркы күнү деп белгиленген.

Оң рулдуу автоунаалардын каттоо мөөнөтүн алып салуу сунушталууда
Июнь айынын башынан бери Бишкекте жалпы жонунан 874 автоунаа каттоодон өткөн. Анын 58и гана – сол рулдуу машиналар. 

Январь-март айларынын аралыгында Бишкекте 10 миң 717 унаа катталса, анын 6104ү оң, ал эми 4613ү сол рулдуу автоунаа болгон.

3-июнь күнү каттоо бөлүмү акыркы кардарды тейлеп, кечки саат сегизге чейин иштеген. 

Оң рулдуу автоунааларды КР аймагына киргизүүгө жана аларды каттоого тыюу салган мыйзам аталган автоунаалардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын азайтууга багытталган. Кыргызстандын аймагына коммуналдык, айыл чарба жана атайын унаалардын тышкаркы оң рулдуу автомашиналарды киргизүүгө тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0