Каракол: Токтогул лицейинин бүтүрүүчүсү 20 жыл мурдагы жакшылыктын эстафетасын улантты

© Миргуль Омурзакова Миргуль Омурзакова жана Азамат Орузбаев. Архив
Миргуль Омурзакова жана Азамат Орузбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миргүл Өмүрзакова өзү окуп кеткен лицейдин окуучулары үчүн жогорку окуу жайдын акысын төлөөгө мүмкүндүк жана билимге умтулгандарга стимул бере турган стипендия негиздеди. Өмүрзакова качандыр бир кезде, мындын 20 жыл мурда университеттеги окуусуна акча төлөп берген волонтердун атын ушул стипендияга ыйгарды.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Каракол шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы лицейин 1995-жылы бүтүргөн Миргүл Өмүрзакова өз мектебинин бүтүрүүчүлөрү үчүн 58 миң сом өлчөмүндөгү стипендия негиздеди.

Биринчи сыйлыкты быйыл 11-класстын окуучусу Азамат Орузбаев алды.

Өмүрзакованын айтымында, мындай чечимге анын жашоосундагы жарык жана жакшы окуя себеп болгон. 

"Тынчтык корпусунун волонтеру Эрик Эверсман бизде эки жыл англис тилинен сабак берген. Дал ошол адам оор жылдары Борбордук Азиядагы америкалык университетте окуумдун жарым акысын төлөп берген болчу. Жарым жылдан кийин карызымды бергени келсем, баш тартып, албай койду. Ошондо мен өзүмө убада кылып, качандыр бир кезде кимдир бирөөнүн окуй турган акчасын төлөп берип, жаркын келечекке жетелейм деген максат койгом. Быйыл туңгуч ирет ээсин тапкан стипендия, ошол ак көңүл, жакшылыктын үрөнүн чачкан адамдын урматына Eversmann Senior Scholarship деп аталды", — дейт стипендиянын негиздөөчүсү Миргүл Өмүрзакова.

Ал карыздарын кайтарып берер мезгил жеткенин айтты. Мектеп окуучулары арасында бул стипендияны алууга конкурс жазында жарыяланып, ага Миргүл өзү катышкан. 

"Менин жолум болуп, 1994-1995-жылдары АКШда окуп калдым, ошол мектепте да мен өз мугалимимдин урматына стипендия уюштурдум. Ошон үчүн конкурс бир эле мезгилде эки мектепте өттү", — деди Өмүрзакова.

Социалдык тармакта "Унутулган кол жазма" эстафетасы кызуу жүрүүдө
Жеңүүчү бир нече критерийлер менен тандалды. Башкы шарттардын бири — стипендия алам деген окуучу Токтогул атындагы лицейде эки жылдан кем эмес окуп, окууда жана коомдук турмушта эң мыкты жетишкендиктерге ээ болушу керек эле. Андан тышкары, бардык талапкерлер өз келечегин мамлекет менен кантип байланыштыра тургандыгы жөнүндө дилбаян жазмак. 

Кыргызстанда бул стипедия Азамат Орузбаевге буюрду. Өмүрзакованын пикиринде, ал өтө татыктуу талапкер. 

"Ал укмуш жакшы бала. Үй-бүлөсүндөгү оор абалга карабай, мыкты окуйт жана өз өлкөсүнө пайда алып келсем дейт. Азамат качандыр бир кезде сынакта телевизор утуп алып, аны балдардын баары көрсүн деп лицейдин жатаканасына көтөрүп барыптыр", — деп айтып берди стипендиянын негиздөөчүсү.

Ал эми бактылуу стипендиант Азаматтын айтымында, бул окуяга төбөсү көккө жетип турат. Жеңүүчү Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде же Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте туризмди башкаруу багытында билим алсам дейт. Азамат ата-энесинин гана эмес, ага ишенген бардык адамдардын, анын ичинде өзү белгилегендей боорукер жана ак дил Миргүл айымдын үмүтүн актоого убада кылды. 

"Биринчи кезекте жакшы окуш үчүн модеми менен кошо ноутбук сатып алсам дейм. Калганын окууга жумшайм", — дейт Орузбаев.

Азамат кийин, Кудай буюрса, билим алып, мүмкүнчүлүгү пайда болгондо 20 жыл мурда Эрик Эверсман баштаган жакшылык учугун узартып, андан ары улантсам деген үмүттө.

"Мен чоңоюп, жакшы жумушум болгондо, сөзсүз башкаларга жардам берем. Мага берген мүмкүнчүлүгү үчүн тагдырга ыраазымын", — деп кошумчалады жеңүүчү.

Өмүрзакова убада кылгандай, Eversmann Senior Scholarship стипендиясы Каракол лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жыл сайын берилип турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0