Чет элдик унаалар Кыргызстанга кирүү үчүн 2,5 миң сомго чейин акы төлөшөт

Жазылуу
Чет элдик жеңил унаалар КР аймагына кирүү үчүн миң сомдон, мотоциклдер – 500 сомдон, ал эми жүк ташуучу унаалар, автобус жана маршруткалар 2,5 миңден төлөшөт.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Кыргызстандын аймагына кирген чет элдик номерлүү автоунаалардан КР өкмөтү тарабынан бекитилген экологиялык төлөм алынарын Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын жетекчиси Кубан Айдаралиев билдирди.

Токтомго ылайык, Кыргызстандын аймагына кирүүдө Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан чет элдик номерлүү автоунаалардан экологиялык төлөм алынат. Мында жеңил автоунаалар бир миң, микроавтобус жана жүк ташуучу унаалар 2,5 миң сомдон акы төлөшөт.

Айдаралиевдин айтымында, бул токтом ЕАЭБдин шарт-талабына ылайык чыккан.

"ЕАЭБдин бардык мамлекеттери өз чек араларында ушундай төлөмдөрдү киргизген. Чет элдик номерлүү автоунаалардын бардыгы экологиялык төлөм төлөөгө милдеттүү", — дейт башкармалыктын жетекчиси.

Айдаралиев чет элдик жеңил унаалар КР аймагына кирүү үчүн бир миң сомдон, мотоциклдер – 500 сомдон, ал эми жүк ташуучу унаалар, автобус жана маршруткалар 2,5 миңден төлөшөрүн белгиледи. 

Министрликтин өкүлү экологиялык төлөмдөрдөн бюджетке 300 миллион сомдон кем эмес акча түшөрү болжолдонуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0