Сирияга кете турган 24 жаштагы үч жаранды Кыргызстанда калууга ынандырышты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСириядагы Маалула шаарында. Архив
Сириядагы Маалула шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК "Ислам мамлекетинин" идеясына азгырылган Ысык-Көл облусунун үч жаранына эскертүү берди.

БИШКЕК, 3-июнь — Sputnik. Сирияга барам деген ынанымда жүргөн үч адам сүйлөшүү, түшүндүрүү иштеринен кийин кетпей калышты деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

УКМК: Сирияга динди жаңыдан таанып баштаган жаштар кетип жатышат
УКМК "Ислам мамлекетинин" идеясына азгырылган Ысык-Көл облусунун үч жаранына эскертүү берген. 

Алар менен туугандары, жакындары сүйлөшүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, "жихадга" аттануу оюнан кайтып, Кыргызстанда калышкан. 

УКМКнын маалымат кызматынан 24 жаштагы бул балдар Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жашап турушкандыгын билдиришти.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин өкүлү Сирия, Иракка жаңыдан кызыгып баштагандар кетип жаткандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0